Үйрөн жана утуп ал

Medcheck тиркемесинин негизинде фармацевттерди окутуу платформасы

medcheck-phone

Биз атайын фармацевтер үчүн тиркемени түздүк, анын кантип иштээрин көрсөтөлү

Биз дагы иш-чараларды өткөрөбүз жана биздин фармацевтер чыныгы байгелерди утуп алышат

Барыгуль Кадырова

Medcheck - бул фармацевттер үчүн өтө пайдалуу, тагыраагы керек деп эсептеймин. Алгач өзүмдү тааныштырып кетейин. Менин атым Барыгүл, жашым 41де, фармацевт болуп эмгектенемин. Мен өзүмдүн билимимди дагы да болсо мыкты, жогору болуусу үчүн Medcheck'е катталып, чоң ийгиликтерди багындыра алдым десем жаңылышпаймын. Анткени биздин кесип түбү жок кудук сыяктуу. Мына ошол себептен канчалык изденип окубайлы аздык кылат. Medcheck биздин билимибиздин өсүшүнө өтө чоң шарт түзүп берет. Билим эле албастан көптөгөн белектердин ээси да боло алабыз. Эгерде сиз дагы фармацевт болсоңуз Medcheck'е катталып, жогорудагы мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, пайдаланыңыз.

Айпери Абдрахманова

Мен эки жылдан ашык убакыттан бери колдонмону колдонуп келем. Бул бардык медиктер үчүн эң мыкты курал. Сынактар, белектер, кызыктуу викториналар бар. Баарына кеңеш берем.

Айгуль Турганалиева

Мен Meducation негизделген учурдан баштап байланышып турам. Колдонмо пайдалуу, изилденген, биз фармацевттер үчүн аябай зарыл. Маалымат жөнөкөй, жеткиликтүү түрдө, кыскача берилет. Бул учурдагы убакыттын тардыгында абдан актуалдуу. Биринчиден, бул колдонмо бейтаптар, керектөөчүлөр менен түздөн-түз иштегендиктен абдан маанилүү экенин белгилей кетүү керек. Ошондой эле, окуу жана сынак учурунда топтолгон упайларды ар түрдүү байгелерге (алардын тизмеси дайыма толукталып турат) алмаштыруу мүмкүнчүлүгү фармацевттердин тереңден билим алуусуна түрткү берет. Уюштуруучуларга, мобилдик тиркеменин жаратуучуларына жана алардын абдан керектүү жана маанилүү эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет.

Мадина Алыбаева

Medcheck - мен көргөн эң мыкты программа. Medcheck’ те Республиканын эң мыкты дарыгерлерин табууга болот, ошондой эле фармацевт катары өз квалификациясын жогорулатууга жана окууга болот. Мен бул программаны кубаныч менен колдоном.

Наргиза Абдраева

Meducation - бул пайдалуу жана кызыктуу окуу программаларын камтыган билим берүүчү медициналык колдонмо. Медицина тармагында мыкты адистерди табууга болот. Окуудан өтүп, 'Эң акылдуу фармацевт' деген чоң сынакка катышканыма абдан кубанычтамын.

Бегайым Кубанычбекова

Бир нече жолу окуудан өттүм жана мындан ары 'Meducation' программасы боюнча окуйм. Уюштуруучуларга жана албетте лекторлорго кесипкөйлүгү үчүн чоң ыраазычылык билдиргим келет. Дары-дармектер жөнүндө маалымат абдан так, жеткиликтүү жана мазмундуу түшүндүрүлөт. Материалдар абдан ирээтүү түзүлгөн жана кеңири берилип, чоң кызыгуу менен изилдентет. Компетенттүү адистер бардыгын абдан тез жана сапаттуу жасашат жана ар дайым кызыктырган суроолорго жооп беришет.

Айзада Бегалиева

Meducation - абдан жакшы проект: фармацевттердин билим деңгээлин көтөрүп, жумушка болгон кызыгууну арттырат, алган билимибизди улам кайталап эске салып турабыз. Проекттин уюштуруучуларына ийгилик, бекем ден соолук, катышуучулары көбөйө берсин, дагы да улана берсин! Кыргызстандын фармацевттерине стимул берип турушсун, иштерине ийгилик!

Акмөөр Сапарбаева

Мен Medcheck тиркемени көптөн бери колдонуп келе жатам жана мындан ыңгайлуу билим берүү платформасын билбейм. Мындан тышкары, мен байгелерге упай топтойм - бул абдан түрткү берет.

Биз төмөнкү компаниялар менен кызматташабыз:

Үйрөн жана утуп ал

Medcheck тиркемесинин негизинде фармацевттерди окутуу платформасы

medcheck-phone